Кочкор районундагы Кара-Суу айылынын Үркүнчиев Сыдык атындагы №11 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы Асанбүбү Садыкова айылдагы эпидемиологиялык абал тууралуу төмөнкү маалыматтарды берди.

Дарыгер Асанбүбү Садыкова.«Кара-Суу айылында жалпы 2818 адам жашайт. Короновирус инфекциясы боюнча айыл жашоочуларына түшүндүрүү иштери дайыма жүргүзүлүп келет.Мектепте жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда фильтрлер иштеп жатат.Айылда учурда абал туруктуу. Оорунун жеңил түрү менен ооругандар адамдар бар, алар обочолонуп дарыларын алып жатышат, биздин көзөмөлүбүздө турушуат.2 адам станционарда дарыланып жатышат, алар менен байланышта болгон адамдар көзөмөлдө турушат.Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинен 12, «Ийгилик » бала бакчасынан 5 жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан 3 киши 30-апрелде эмдөөдөн өтүшкөн, 21-майда экинчи эмдөө жүргүзүлөт.Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин вакцина алууну каалагандардын саны көбөйдү. Мугалимдерге жана медицина кызматкерлерине вакцина жетиштүү санда келген. 4 дем алдыруучу аппаратыбыз бар, дары-дармектер жетиштүү, дарыкана иштеп жатат. Дарыга аябай деле муктаждык жок, абал негизинен туруктуу».

Мед.айым: «Ар бир келген адамдын дене табы өлчөнүп журналга түшүрүлөт»

Бул муздаткычта вакциналар сакталат
Нагима Муратбекова