Кочкор районунун Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинде 7-8-ноябрь «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө» карата илимий-практикалык конференция болуп өттү

Илимий-практикалык конференциянын аталышы «1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүш: үркүн-элдин эс-тутумунда» деп аталат. Конференциянын уюштуруучусу мектеп директору, тарыхчы-этнограф Болот Бообек уулу. Иш-чарага Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Баялы Досалиев, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Орозмамбет Солтобаев, райондогу мектептин мугалимдери конок катары катышышты

Конферециянын жүрүшүндө мектеп окуучулары аталган тема баяндама жасашып келген меймандарга 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүшү тууралуу кеңири маалымат беришти

Иш-чаранын соңунда келген меймандар менен конференциянын жүрүшү боюнча суроо-жооп, талкуу жүргүзүлдү

Конференциянын экинчи бөлүгүндө окуучулар мектепте жайгашкан тарыхый-этнографиялык музейи менен кеңири тааныштырышты


Конференциянын үчүнчү бөлүгү этно-парктагы түшүм көргөзмөсү менен жыйынтыкталды
Даярдаган: Керемет Орусбаева