Кочкор районундагы Ак-Жар айылынын тургуну Байыш апа 100 жыл болгон бешиктин тарыхы тууралуу айтып берди.

Байыш апа учурда 87 жашта. Бешик тууралуу ал төмөнкүлөрдү айтып берди:» Мен турмушка 1956-жылы турмушка чыктым. Кайненемдин айтуусу боюнча бешикти менин кайнатам талдан жасаган экен. Бешикке менин жолдошум, анын агасы, ошондой эле менин балдарым жана небере-чөбөрөлөрүм жаткан. Өзүм 11 бала төрөдүм, алардын баары ушул бешикке жатып чоңоюшту.

Кайнатамдан калган бешик акжолтой болду. Балдарым аман-эсен чоңоюшту. Бешикке жаткан бала таза, ден-соолугу чың болот. Азыркы жаштар балдарын бешикке бөлөбөй калышты. Жаштарга балдарын бешикке бөлөп бакса дейт элем.

Бешик кыргыздын байыртадан келе жаткан буюму. Аны аздектеп кийинки муундарга таберик катары өткөрүп беришибиз керек. Ошол максатта бул бешикти ушул күнгө чейин сактап келем.
Материалды даярдаган: Кымбат Төлөнова