Кочкор районунун Кум-Дөбө айылындагы «Төрт-Күл» шаар чалдыбарында XI кылымга таандык устакана табылды. Ал жерде жез, темир, кирпич, карапа жана айнек буюмдары бышырылган

Бул ачылыш тууралуу Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу институтунун «Археология, этнология жана булак таануу» кафедрасынын доценти, археолог Ороз Солтобаев билдирди. Анын айтуусу боюнча Кум-Дөбө айылындагы «Төрт -Күл» шаар чалдыбарынан XI кылымга таандык устакана табылды. Устаканада жез, темир, кирпич, карапа жана айнек буюмдары бышырылган. Табылгалар Караханиддер дооруна таандык.

«Бул жердин тарыхый аталышы элдин эсинен чыгып кеткен, жергиликтүү эл Төрт-Күл деп таанышат. Ал эми тарыхый аталышына кайрылсак Кырк Чоронун күмбөзү жайгашкан жер деп аталат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча бул жерден диаметри 8 метрге жеткен, тегерек формадагы мору бар кышты, карапа идиштерин бышырган чакан устакана ачтык»- деди Ороз Солтобаев

Казуу иштерине Жусуп Баласагын атындагы КУУнун «Тарых жана чөлкөм таануу» институтунун 4-курсунун студенттери жана жергиликтүү тургундар катышууда. Эске сала кетсек изилдөө иштери дагы 15 күнгө созулмакчы
Даярдаган: Бакыт Кожокматов