Кочкор району, Кара-Суу айылы, Шапак жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор районунан келген окуучулар Жогорку Кеңеште

25 Сентябрь 2026 жыл 18:59
Көрүүлөрдүн саны: 17

Кочкор районуна караштуу Кара-Суу  айылынын Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинин жогорку классынын окуучулары, мектеп директору жана мугалимдери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратына экскурсия менен келишти

Окуучуларды жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу, өлкөнүн мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү жана мамлекеттик башкаруу системасы тууралуу түшүнүктөрүн кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мектеп окуучулары жана мугалимдери экскурсияга  барышты

Экскурсия учурунда окуучулар Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү,  мыйзам чыгаруу процесси жана парламенттин түзүмү тууралуу маалымат алышып, Жогорку Кеңештин жыйындар залдары жана имараттагы башка жайлар менен таанышышты

Мектеп окуучуларынын парламенттин ишмердүүлүгүнө болгон кызыгуусу өзгөчө маанилүү. Мындай жолугушуулар жаштардын мамлекеттик башкаруу түзүмү мыйзам чыгаруу иши жана коомдук процесстер тууралуу түшүнүгүн кеңейтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт

 

Материалды даярдаган: Бакыт Кожокматов