Кочкор району, Кара-Суу айылы, Шапак жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор. V Элдик курултайга 3 делегат шайланды. Алар кимдер?

25 Октябрь 2026 жыл 7:26
Көрүүлөрдүн саны: 14

Кочкор районундагы Ормон Хан айыл аймагынан V  Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жыйын өттү

Жыйын Кочкор айылындагы «Чолпон» кинотеатрында өтүп, ага жалпысынан 82 өкүл катышты. Жыйынды Ормон Хан айылдык Кеңешинин төрагасы Рыскелди Жолдошбеков алып барды.

V Элдик курултайга делегаттыкка жалпысынан 8 делегат талапкер катары көрсөтүлдү. Талапкерлер өздөрүн тааныштырып, Элдик курултайга көтөрүүнү пландаган маселелер тууралуу кыскача маалымат беришти.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Мирлан Кыдырбаев 33, Амантай Тургунбек уулу 32, Анаркүл Исраилова 31, Алымбек Самаков 22, Зинаида Эсенбекова 21, Бакыт Сламов 20, Талантбек Сөңколов 19, Нурипа Исакова 16 добуш алды

Жыйнтыгында Мирлан Кыдырбаев , Амантай Тургунбек уулу , Анаркүл Исраилова  V Элдик курултайга делегат болуп шайланышты. Ал эми Алымбек Самаков , Зинаида Эсенбекова , Бакыт Сламов , Талантбек Сөңколов , Нурипа Исакова резервдик өкүлдөр катары катталды. Эске сала кетсек V Элдик курултай 2026-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарында өтөт. Курултайга өлкө аймактарынан жана чет өлкөдө жашаган мигранттардын арасынан жалпы 700 делегат катышуусу күтүлүүдө

 

Материалды даярдаган Бакыт Кожокматов