Кочкор району, Кара-Суу айылы, Шапак жамааттык мультимедиа борбору

Элеттеги ден –соолук

30 Июнь 2021 жыл 5:58
Көрүүлөрдүн саны: 123

Учурда элетте медициналык абал туруктуу десем жаңылышпайм.Себеби былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл адамдар кантип дарыланышты,сактанышты,ооруну кантип алдын алышты билип калышты. Эми айылда ооругандар жок дебейм арасында бар, бирок алар дайыма дарыгердин көзөмөлүндө.Биз айылдагы абал тууралуу,айылдын тургуну Кастро Султанов менен байланыштык.

Кастро Султанов

—Саламатсызбы? Өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз,
-Мен Кастро Султанов 1961-жылы төрөлгөм,учурда Кара-Суу айылында жашайм.
—Сиздин оюңузча азыр айылда абал кандай?
-Элетте азыр абал туруктуу. Кудай сактасын оор түрү менен ооругандар деле жок. Арабызда ооругандар бирин-экин эле. Алар деле өзүлөрү үйдөн дарыланып,медайымдар менен байланышта. Кандай болгон күндө деле былтыркы жылга караганда быйыл оору тууралуу бир аз билип калбадыкпы. Азыр эл көп чогулган жерлерге барбай,көчөгө чыкканда бет кап тагынып жүрөбүз. Санитардык эрежелерди сактап атабыз.
—Маегиңизге ракмат.

 

Айжаркын Эркинбек кызы