Кочкор району, Кара-Суу айылы, Шапак жамааттык мультимедиа борбору

Медайым: «Кара-Суу айылында эпидемиологиялык абал туруктуу»

9 Июль 2021 жыл 18:08
Көрүүлөрдүн саны: 107

Июль айы өтө кооптуу ай болуп турган учур, себеби күн сайын өлкөдө статистика боюнча Ковид-19 илдети менен катталгандар 2000 адамга  чамалап барууда. Тилекке каршы,адам өлүмү да катталып жатат.2020-жылдын июль айында бул ооруунун катталуусу эң жогорку чегине жеткен. Кочкор районундагы Кара-Суу айылында учурда эпидемиологиялык абал тууралуу сураганыбызда ,үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы Фарида Мамытова төмөнкүчө жооп берди.

Фарида Мамытова- Кочкор районундагы  №11 үй-бүлөлүк  дарыгерлер тобунун медайымы

—Саламатсызбы?
-Саламатчылык
-Айтсаңыз,азыркы учурда Кара-Суу айылында эпидемиологиялык абал кандай? Ушул тууралуу маалымат бере кетсеңиз.
-Учурда айылыбызда абал туруктуу,ооругандардын саны аз. Пневмания менен 3 адам ооруп жатат,азыр алар тамчылатма дары алып жатышат. Буга чейин ооруп, айыгып кеткен айыл тургундары да бар.
-2020-жылы июль айында абал абдан оор болгон,быйылкы жылы июль айы кандай болуп жатат?
-Ооба,өткөн жылы чындыгында абдан оор болду,күнүнө 20дан ашык адамга тамчылатма дары куюп,кээ бир учурда жетишпей калып жаттык. Ооругандар да көп болуп,тилекке каршы көзү өтүп кеткендер да болду. Быйыл буюрса жакшы. Элдер мурункуга караганда ооруну кантип алдын алыш керектигин билип калышты. Өздүк гигиенаны туура сактаганды,иммунитетти кантип көтөрүш керектигин жакшы билишет. Эң башкысы ызы-чууга алдырбай, сабырдуулукка үйрөнүштү деп айтат элем. Биз да былтыркыга караганда бир топ тажрыйба топтоп,оору менен күрөшүүнүн ыкмаларын билип калдык.
-Айыл жашоочуларына кандай кеңеш бересиз?
-Санитардык эрежелерди так сактоо,эл көп чогулган жерлерге барбаш керек,дайыма бет кап колдонуп дарыгердин көрсөтмөсүн аткаруу керек.
-Маегиңизге чоң рахмат! Ишиңизге ийгилик.
-Сизге да рахмат! Баарыңыздарга ден-соолук каалайм.

Кубат Жакыпов — Кара-Суу айылынын тургуну

Айылдагы абал тууралуу тууралуу Кубат Жакыпов өз оюн мындайча билдирди: «Мен ушул айылда жашайм. Быйыл ооругандар жөнүндө уккан жокмун. Ошондой эле болсун. Жашоочуларыбыз өз оокаттарын кылып жатышат,өзүм жеке унаам менен эл кызматындамын,көпчүлүк менен иштейм,айылдагы жаңылыктар менен кабардар болуп турам,илдетке кабылгандар жок,болсо да аз. Былтыркы жылы июль айында ооругандар абдан көп болгон,унаам менен көп адамды ооруканага ташыгам. Дарыгерлердин айтканын так аткарып,өзүбүзгө кам көрсөк бул абалдан оңой чыгып кетебиз деп ойлойм».

 

Бакыт Кожокматов