Кочкор району, Кара-Суу айылы, Шапак жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор. «Таалайбек Курткаев» фонду мектепке демөөрчүлүк кылды

28 Апрель 2022 жыл 18:53
Көрүүлөрдүн саны: 89

Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебине «Таалайбек Курткаев» атындагы фонд демөөрчүлүк кылды. Фонддун жетекчиси Майрамкүл Байтерекова. Белгилей кетсек бул фонд райондун бардык аймактарына колдоо көрсөтүп келет.

Аталган фонд тарабынан 3 тонна картошканын жана 2 гектарга арпанын үрөнү берилди. Бул тууралуу Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин директору Болот Бообек уулу билдирди. Жалпысынан мектептин 3 гектар үлүш жери бар. Ал эми айылдагы трактору бар жарандар жерди бекер айдап берип колдоо көрсөтүштү.

Айылдагы трактору бар тургундар жерди акысыз айдап беришти

 

 

Талааны бир убакта 6 трактор айдашты

 

Эмгекке тарбиялоо максатында жумушка жогорку класстын окуучулары тартылды

 

10-класстын окуучусу Шамен Жумагазиев

 

Мектеп окуучулары активдүүлүгүн көрсөтүштү

 

 

Акжолина Асаналиева