Кочкор району, Кара-Суу айылы, Шапак жамааттык мультимедиа борбору

Жаңы мектеп пайдаланууга берилет

27 Июнь 2025 жыл 14:52
Көрүүлөрдүн саны: 78

Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин жаңы корпусунун курулушу 95% га аяктады

375 орундуу жаңы мектептин сырткы көрүнүшү

Курулуштун жалпы сметалык баасы 127 млн. сомду түзүп, аны «Монолит KG» курулуш компаниясы ишке ашырууда

Медиа кабинет

Мектеп 375 орунга ылайыкталган. Анда спорт зал, конференция залы, ашкана жана медиа кабинет каралган

Мектептин ашканасы

Жаңы мектептин ачылышы 2025-жылдын 31-августка мерчемделүүдө

 

Информатика кабинети

Эске сала кетсек мектептин курулушу 2023-жылы башталган

 

Даярдаган Аэлита Кубатбекова