Кочкор району, Кара-Суу айылы, Шапак жамааттык мультимедиа борбору

Кыргыздардын жашоо-турмушунда жылкынын орду

8 Январь 2026 жыл 9:27
Көрүүлөрдүн саны: 256

Болот Бообек уулу Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору, тарыхчы-этнограф. Ал көп жылдан бери «Кыргыздардын жашоо-турмушунда жылкынын орду» деген темада илимий изилдөө жүргүзүп келет. Болот Бообек уулу бизге бул тема боюнча кызыктуу маек куруп берди.

Болот Бообек уулу-тарыхчы-этнограф

Кыргыздар байыркы көчмөндөр цивилизациясын түптөгөн элдердин ири өкүлдөрү  болуп эсептелет. Алардын маданий-чарбалык турмушунун негизги өзөгүн көчмөн мал чарбачылыгы түзгөн. Тарыхый  жазма булактар жана архелогиялык маалыматтар  далилдеп тургандай кыргыздар төрт түлүк мал асырап келишкен (жылкы, төө, уй жана кой). Алардын ичинен жылкынын орду таасын чагылдырылган. Албетте, байыркы кыргыздардын, тактап айтканда Энисей кыргыздарынын жашоосундагы жылкынын орду канчалык маанилүү болгондугун тастыктаган булак-бул таш бетиндеги эпитафиялык жазма булактар болуп саналат. Таш бетиндеги руна сымал кыргыз жазуусунда «Мен кыргызмын, жылкым сансыз эле» деген жазууну окууга болот. Демек, ал адамдын социалдык жактан бийик статуста тура тургандыгын баса көрсөтүп турат.

Кыргыздар үчүн өрт түлүк малдын ичинен жылкынын орду өзгөчө

Байлыктын бийик чеги майда жандыктар эмес, жылкынын саны менен эсептелгенинен кабар берип турат. Андан кийинки  Энисей кыргыздарына тиешелүү -бул археологиялык казууларда табылган мал жандыктардын сөөктөрүнүн басымдуу бөлүгү жылкынын сөөгү болгон. Андан тышкары кытай жазма булактарында кыргыздардын жылкылары эттүү, күчтүү жана зор келишет деп кыргыз жылкыларынын мыктылыгы айтылат. Дагы бир маалымат, орто кылымдарда кыргыздар эт жана кымыз менен тамактана тургандыгы белгиленген. Алар мурдатан эле асыл тукум жылкыларды, ак жана кара түстөгү аңчы бүркүттөрдү көбөйтүп келишкен.

Байыркы кыргыздарда байлык майда жандыктар менен эмес, жылкынын саны менен эсептелген

Ошондой эле кыргыздар тарабынан аска бетине тартылган сүрөт эстеликтеринде жылкы тукумунун өңү-түсү да ачык көрүнөт. Мисалы, сулек деген аска эстелигинде жылкыларды эки топко бөлүп кароого болот. Биринчиси мойну кыска жана жоон, башы чоң жана буттары кыска, экинчи топко чымыр денелүү, кең көкүрөктүү,  кыска аяктуу аттар кирген. Экинчи топогу жылкылар согушка мингенге ылайыктуу жылкылар болгон. Кыргыздар өздөрүнүн согуш өнөрүн аска бетине тартып түшүрүшкөн. Жыйынтыктап айтканда байыркы кыргыздардан баштап азыркы заманга чейин кыргыз эли жылкыны аздектеп багып жана минип келет. Кийинки маегибиз жылкыга байланышкан ырым-жырымдар тууралуу болмокчу.

Кыргыз жылкысы

 

 

Бакыт Кожокматов