Кочкор району, Кара-Суу айылы, Шапак жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор.Кышкы эс алуу көңүлдүү өтүүдө

9 Январь 2026 жыл 8:14
Көрүүлөрдүн саны: 210

Кочкор районундагы Ара-Көл айылындагы муз тебүүчү аянтчада эл абдан көп. Бул жерге бир гана Кочкор районунун жашоочулары эмес, Бишкек, Балыкчы, Кант шаарынын тургундары да эс алып кетишет. Ал жерде мектеп окуучуларынан баштап пенсия курагындагы адамдарды көрүүгө болот. Андан тышкары ат минип, жагымдуу музыка угуп жана боз үйлөрдөн ысык тамак ичүүгө болот. 

Кант шаарынын тургуну  Ислам атайын келип үй бүлөсү менен келип эс алууда. Ал төмөнкүлөргө токтолду: «Биз атайын Кант шаарынан үй бүлөбүз менен эс алганы келдик. Ара-Көлгө биринчи жолу келишим. Бул жердин абасы таза, кооз жер экен. Мага абдан жакты. Эң башкысы бардыгы бар экен: коньки, чана жана ысык чай. Кийинки жылы да досторум менен келүүнү пландап жатам».

Ислам-Кант шаарынын тургуну

 

Айзат Шаршенова-медайым, Кочкор районунун тургуну

Айзат Шаршенова «Эс алуу күндөрүнөн пайдаланып балам экөөбүз эс алганы келдик. Мага коньки тепкен абдан жакчу, бүгүн ошол кыялымды орундатып коньки тептим. Мага бул жер жакты, себеби кооз жана таза жер экен. Ден соолукка пайдалуу деп эсептейм. Баасы да чөнтөккө туура келет. Бардыгыңыздарга Ара-Көлгө келип эс алыңыздар деп кеңеш берем».

 

 

Жасмина Кубатбекова