4-февралда Кочкор районунун башталгыч классынын мугалимдерине Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан «Алтын казык» ноутбугу берилди. Ноутбуктарды тапшыруу иш-чарасы Кочкор райондук администрациясынын имаратында өттү.

Ноутбуктарды тапшыруу учуру
Иш-чарага Кочкор райондук администрациясынын башчысы-аким Б.Досалиев, Кочкор райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Мамбетова, мектеп директорлору жана башталгыч класстын мугалимдери катышты. Ал эми Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебине 10 ноутбук тапшырылды.

Башталгыч класстын мугалими Рахима Султакеева жана мектеп директору Болот Бообек уулу
Аталган райондун Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими Рахима Султакеева буларга токтолду:»Бүгүн биз ноубуктарды алып кубанычыбыз койнубузга батпай турат. Бул ноутбуктар биздин жумушубузду жеңилдетип, билим сапатын жогорулатат жана санарип сабаттуулугубуз өсөт. Учурдан пайдаланып Кыргыз Респуликасынын Агартуу министрлигине терең ыраазычылык билдирем».

Башталгыч класстын мугалимдери
Ата-мекендик ноутбуктар И. Раззаков атындагы КМТУнун “Технопарк” мекемесинде чогултулуп, белгиленген техникалык талаптарга ылайык даярдалган. Ар бир ноутбукта атайын лицензияланган программалар орнотулуп, алар автоматтык түрдө жаңыртылып турат жана коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү менен камсыздалган. Мындан тышкары, мугалимдердин күнүмдүк ишине зарыл методикалык колдонмолор жана керектүү программалар киргизилген.
Эске салсак, өткөн жылы STEM предметтеринин (математика, физика, химия, биология, информатика) мугалимдерине 27 031 даана “Алтын Казык” ноутбугу берилген.
Нурай Калыгулова