Кочкор району, Кара-Суу айылы, Шапак жамааттык мультимедиа борбору

Республикалык олимпиаданын II (райондук) этабы старт алды

11 Февраль 2026 жыл 19:27
Көрүүлөрдүн саны: 118

11-февралда Республикалык олимпиаданын II (райондук) этабы старт алды. Ага өлкөнүн 9-11-классынын окуучулары 12 предмет боюнча катышууда.

Олимпиада саат 10-00дө башталды

Кочкор району боюнча жалпы 35 мектеп бар, анын үчөө орус тилдүү мектеп. Аталган олимпиадага район боюнча 604 окучу 12 предмет боюнча ат салышууда. Мектептин алдыңкы окуучулары тандалып өздөрү окуган мектептин намысын коргошууда.

 

Олимпиаданын ктышуучулары

Олимпиада өз убагында башталып, нөөмөттөгү мугалимдер милдеттерин так аткарышты. Ар бир класска жооптуу мугалимдер коюлду.

Комиссия мүчөлөрү

 

 

Бакыт Кожокматов