Кочкор району, Кара-Суу айылы, Шапак жамааттык мультимедиа борбору

Орозонун пайдалары.Сурамжылоо

14 Февраль 2026 жыл 7:14
Көрүүлөрдүн саны: 189

2026-жылы ыйык Орозо (Рамазан) айы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматына ылайык 19-февралда башталат. 2026-жылдын Орозо айы 29 күнгө созулуп, 19-мртта аяктайт, ал эми Орозо айт майрамы 20-мартка туура келет.

 

Кара-Суу айылынын имамы-Үсөн Койлубаев

Орозо качан башталат жана Орозонун пайдалары тууралуу Кара-Суу айылынын имамы Үсөн Койлубаевден жана айыл тургундарынан сурамжылоо жүргүздүк.

Кабарчы: Мен Шапак медиа борборунун кабарчысы Токтобеков Арзымат. Сиздин аты-жөнүңүз?

Имам: Менин аты-жөнүм Үсөн Койлубаев.

Кабарчы: Быйылкы Орозо качан башталат?

Имам: Орозо быйыл 19-февралда башталат

Кабарчы: Сиз быйыл орозо кармайсызбы?

Имам: Оба кармайм

Кабарчы: Канча жылдан бери кармап келесиз?

Имам: Орозо кармаганыма 15-16жыл болуп калды.

Кабарчы: Орозонун кандай пайдаларын билесиз?

Имам: Орозонун денеге тийгизген жана руханий пайдасы бар. Денеге тийгизген пайдасы- ашказанга,  дененин кубаттуу болушуна пайдалары көп.

Кабарчы: Орозо кайсы айларда кармалат?

Имам: Орозо бир айга белгиленген эмес. Орозо он күндөн артка жылып турат.

Кабарчы: Ифтар деген эмне?

Имам: Ифтар-араб тилинен  кыргызчага которгондо-ооз ачтыруу дегенди билдирет.

Кабарчы: Кимдерге орозо тутпаганга уруксаат берилет?

Имам: Орозо тутпаганга эми шарыятта үзүр деп коёт, дарыгер уруксаат бербеген адамга орозо тутканга уруксаат берилбейт.

Кабарчы: Маегиңизге чоң рахмат!

Айыл тургуну-Шайыркүл Жетигенова

Кабарчы:Саламатсызбы?

Айыл тургуну: Саламатчылык

Кабарчы: Мен Шапак медиа борборунун кабарчысы Токтобеков Арзымат. Сиздин аты-жөнүңүз?

Айыл тургуну: Жетигенова Шайыркүл Кара-Суу айылынын жашоочусу.

Кабарчы: Сиз быйыл орозо кармайсызбы?

Айыл тургуну: Ооба кармайм

Кабарчы: Орозону канча жылдан бери кармап келесиз?

Айыл тургуну: 5 жылдан бери кармап келе жатам.

Кабарчы: Орозонун кандай пайдаларын билесиз?

Маалымат берүүчү: Орозонун пайдасы ден-соолукка пайдалуу, мусулман болгондон кийин орозо кармаш керек.

Кабарчы: Маегиңизге чоң рахмат!

Айыл тургуну-Эдилбек Чортоев

Кабарчы:Саламатсызбы?

Айыл тургуну: Саламатчылык.

Кабарчы: Мен Шапак медиа борборунун кабарчысы Токтобеков Арзымат. Сиздин аты-жөнүңүз?

Айыл тургуну: Мен Чортоев Эдилбек.

Кабарчы: Сиз быйыл орозо кармайсызбы?

Айыл тургуну: Кармайм

Кабарчы: Канча жылдан бери кармап келесиз?

Айыл тургуну: 2 жылдан бери кармап келем

Кабарчы: Орозонун кандай пайдаларын билесиз?

Айыл тургуну: Көп  пайдалары бар. Мисалга айтсак, организм тазаланат, кан басымы нормалдашат жана ашказан оорусун айыктырат

Кабарчы: Сизге чоң рахмат!

 

 

Арзымат Токтобеков