Кочкор районунун Кара-Суу айылынын тургуну Калысбек Нурланов таштандылардын калдыктарын чогултуу, сорттоо, аларды кайра иштетүүгө жөнөтүү үчүн чакан ишкана иштетип келет. Учурда ал чакан ишкананы чоңойтуу этабында турат. Ишканасын чоңойтуу менен жаңы жумуш орундарын түзүү жана иштетилүүчү пластиктин көлөмүн көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Жеке ишкер-Калысбек Нурланов
«Ишкананын көлөмүн дагы кеңейтүүнү пландап жатам. Пластик бөтөлкөлөрдү өзүнчө сорттоп , туурап, жууп алардан кайра ар кандай буюмдарды чыгарууну максат кылып жатабыз. Бул ишкана бир гана Кара-Суу айылына эмес Кочкор районуна да чоң пайдасы бар. Мисалга алсак: жумуш орундары түзүлөт, таштанды көйгөйү чечилет, экологиянын таза болушууна таасирин тийгизет. Пластик бөтөлкөлөрдөн тышкары макулатура, картон, полиэтилен, энергетик банкаларын кабыл алып, аларды таңгактап Бишкек шаарына жөнөтөбүз».

Бул пластик бөтөлкөлөрдү жууп, майдалай турган шайман
Азыр иш убактылуу токтоп, курулуш жүрүп жатат. Жумуш шартын толук түзүүгө аракет кылып, кардарларга жеңил болушу үчүн аракет кылып, кошумча билим алып жаткандыгын да белгиледи.
Канча адам жумуш орду менен камсыз болот?-деген суроого төмөнкүдөй жооп берди:
«Менеджердик орун анын кызматы- чалууларга жооп берип, тактап сүйлөшөт. Кассир, кассанын жанында турат кардарлардын алып келген товарларын эсептеп, көлөмүн өлчөп берүү үчүн. Ичинде 2 пресстөөчү аппарат бар, ал жерге 2 адам керек, алардын кызматы- пресстеп же болбосо таңгактап иштейт. Жана да бир адам керек ал келген товарларды түшүрүп, жардамдашып турат».

Иштетилүүгө даяр пластик бөтөлкөлөр
«Бардыгы мыйзам түрүндө иштетилет, соцфондго акча төлөнөт. Ишканабыз чакан болсо да мамлекетибизге салым кошобуз деп ишенем. Бул ишкана пластик бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү боюнча Нарын облусунда биринчи ишкана болуп ачылганы турат».
Арзымат Токтобеков