Кочкор району, Кара-Суу айылы, Шапак жамааттык мультимедиа борбору

Мите курттардан кантип сактанабыз? Дарыгердин кеңеши

24 Февраль 2026 жыл 14:35
Көрүүлөрдүн саны: 147

Мите курттар (гельминттер) деген эмне? Мите курттар (гельминттер) — адамдын же жаныбарлардын организминде жашап, азыктанып, ар кандай ооруларды пайда кылган паразиттер. Алар көбүнчө ичегиде, кээде боордо, өпкөдө же башка органдарда жашайт.

Дамира Алпамышева-дарыгер

Мите курттардын зыяндуулугу, алардын жугуу жолдору жана кантип сактанууу керектиги тууралуу Кочкор райондук жалпы даарыгердик практикалык борборунун жугуштуу ооруулар боюнча адиси-дарыгер Алпамушова Дамира буларды айтып берди: «Учурда мите курт ооруусу күч алууда. Бүгүнкү күндө алардын бир канча түрү кездешет. Мите курт ооруусунун жугушунун бирден-бир себеби тазалыктын жоктугу, жаныбарлар менен болгон байланыш, ошондой эле жуулбаган же чала жуулган жер-жемиштерден дагы жугат. Бул ооруудан коргонуу үчүн: өздүк гигиенаны таза сакташыбыз керек, жер-жемиштерди тазалап жууш керек. Колубузду таза кармашыбыз керек, ар бир кыймылдан соң колду жууп туруу зарыл, анткени биз колубуз менен тамак жейбиз.

Мите курттарын алдын алуунун жолу-жеке гигиенаны сактоо

Мите курт ооруусу жуккан убакта эч качан белги бербейт. Кийинчерээк денеси кычышып, жөтөлүп, тамакка табити тартпай, салмактанып калган кезде гана билиниши мүмкүн. Союз убагында балдарды жылына 2жолу дегельментизация кылып же болбосо жөнөкөй тил менен айтканда курттарды алсыздандыруу кылынчу эле. Азыркы учурда бул иш аракетин кылышпайт. Бул үчүн атайын дары-дармектер сатылат, алар курттун түрүнө жараша пайдаланылат.

Адамдын организмндеги мите курттар

Бул курттар мээге, өпкөгө жана башка маанилүү органдарга таасир этиши толук мүмкүн. Буюмдар жана ит, мышык аркылуу да жугат. Бул курттар  көп санда жумурткалайт, ден-соолукка өтө чоң залакасын тийгизет. Тилекке каршы, бул ооруу менен келген адамдардын саны жалдан жылга өсүүдө. Бирок алардын көбүнчөсү өрчүшүп кеткен убакта кайрылышат, мунун себеби алар убагы менен текшерилип турбагандыгында. Учурдан пайдаланып ата-энелерге кайрылып кетет элем: балдарыңыздарды көзөмөлдөп, жеке гигиенасын сактатып, тырмактарын дайыма кыска алыш керектигин айтып жүрсөңүздөр,  анткени тырмактын астында көптөгөн микробдор бар.

 

Материалды даярдаган: Бакыт Кожокматов