Өлкө аймагында 20-марттан 10-апрелге чейин айыл чарбасынын абалы жөнүндө толук жана так маалымат алууга багытталган белгиленген тартипте айыл чарба каттоосу жүргүзүлүүдө. Маалыматка ылайык, каттоо тармактын учурдагы абалын объективдүү баалоого жана айыл чарба тармагында негизделген чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Бул тууралуу Ормон Хан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылынын каттоочусу Аида Талант кызы буларга токтолду:

Аида Талант кызы иш учурунда
«Азыркы каттоо 20-марттын 10-апрелине чейин жүргүзүлөт жана айыл тургундарын ушул мөөнөткө чейин айыл чарба китеби боюнча милдеттүү түрдө каттоо керектигин айтты. Суралып жаткан калктын жеке көмөкчү чарбасынын, дыйкан чарбасынын, дыйкан чарбанын башчысы, жеке ишкерлер, ижарачылар суроолор боюнча талап кылынган маалыматты берет. Каттоо электрондук форматта өтөт. Чарбанын башчысы өзү менен жер аянты жөнүндө маалыматтар, документ тастыктоочусу менен каттоочунун жеке сурамжылоо тартиби менен жүргүзүлүшү керек. Бул кагаз жүзүндө болбойт, электрондук форматта болот».

«Маалымат берүүчүнүн купуя сыры сакталат жана автоматтык түрдө электрондук форматка түшөт. Учурдан пайдаланып Кара-Суу айылынын тургундарына кайрылып кетүүнү чечтим. Сурамжылоо жүргүзүп жатканда, өзүлөрүнүн үлүшүн билишпей тургандыгын, Сулайманов, Эдигеев, Султакеев көчөлөрүндө үлүш жерлер колдон-колго өтүп кеткендер бар экен, кимдер алгандыгы тууралуу билинбей жатат. Ушул көчөлөрдөгү үлүш жерлерди алгандар кабар берип коюшун суранды. Мөөнөтүнө чейин отчёт берилээри айтылып, ошол убакка чейин бүтүрүп алууну суранып кетем».
Материалды даярдаган: Арзымат Токтобеков