Кочкор району, Кара-Суу айылы, Шапак жамааттык мультимедиа борбору

Балыкчы-Кочкор темир жолуна жумушчуларды кабыл алуу башталды

23 Апрель 2026 жыл 16:00
Көрүүлөрдүн саны: 182

Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолу — Кыргызстандын Балыкчы шаарын, Кочкор айылын жана Кара-Кече  көмүр кенин байланыштырган 186 километрлик курулуп жаткан темир жол. Жолдун курулушу 2022-жылдын 31-мартында башталган, Узундугу 63 чакырымды түзгөн Балыкчы-Кочкор темир жолу үстүбүздөгү жылдын 31-августунда пайдаланууга берилүү пландалууда.

Темир жолго жумушчуларды кабыл алууу Кочкор райондук администрациясынын имаратында кабыл алынууда. Ага Бишкек шаарынан адистер келип, жумуш издеген жарандарга маалымат беришүүдө.

Турдиев Чыныбек Дүйшөнбекович

Жумушчуларды кабыл алуунун шарттары боюнча Жол чарба филиалынын башчысынын орун басары Турдиев Чыныбек Дүйшөнбекович төмөнкү маалыматтарды айтып берди:»Учурда Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу кызуу жүрүп жатат. Ошого байланыштуу  18 жаштан 65 жашка чейинки жарандарды жумушка алууну баштадык. Бизге монтёр, жол оңдоочулар, өтмөктөргө нөөмөтчүлөр, көпөрөлөрдү көзөмөлдөгөнгө, поездерди тейлегенге жумушчулар керек. Жардыруудан улам түшкөн таштарды жыйнаганга да жумушчулар талап кылынат.

Учурда темир жолго 66 жумушчу керек, кабыл алууну  эми баштадык. 1-июндан баштап жумушка расмий түрдө кирише алышат. Жумуш убактылары 9-00 дөн 18-00 гө чейин. Айрым жумушчулар 1 күн иштеп 2 күн эс алышат. Айлык  акылары 28 миңден 42 миңге чейин болот, ал эми жумушка жаңы келгендер 17-8 миң сом алышат. Темир жолго иштөөнү каалагандар төмөнкү дарек боюнча кайрылса болот: Бишкек шаары. Лев Толстой көчөсү 93а/1 Кыргыз темир жолунун жол чарба филиалы».

 

Материалды даярдаган: Бакыт Кожокматов