Кочкор району, Кара-Суу айылы, Шапак жамааттык мультимедиа борбору

Дарыгерден кеңеш.Гепатит С вирустук оорусун алдын алуу үчүн эмдөөдөн өтүү керек

25 Апрель 2026 жыл 19:50
Көрүүлөрдүн саны: 78

Гепатит С вирусу бул боорду жабыркатуучу вирустук оору, ал көп учурда симптомсуз болуп, өнөкөткө айланат («жумшак өлтүргүч»). Жугуунун негизги жолу — инфекцияланган кан аркылуу. Заманбап түз таасир этүүчү вируска каршы дары-дармектер учурлардын 95% дан ашыгын 8-12 жуманын ичинде айыктырат. Дарылоону жугуштуу оорулар боюнча адис же гепатолог дайындайт.

Гепатит С вирустук оорусунун көбөйүшүнүн себептери жана аны алдын алуу боюнча Кочкор райондук үй бүлөлөр тобунун №1 «Келечек» үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Иманалиева Канымкүл Сабиновна маек куруп берди:»Акыркы учурда райондо  жүрөк кан тамырлары, онкология жана Гепатит С оорусу менен катталгандардын саны көбөйдү. Өзгөчө Гепатит С вирустук оорусу менен катталгандар арбын. Гепатит С — эң олуттуу жана жаман түрү – бул С гепатити. Өзгөчө коркунучту анын өнөкөткө айланган формасы көрсөтүп турат, ал оорукчандардын 70-80 пайызга өсүп кетүүсү. Мында грипптин белгилерин эскертип турган алсыздык жана жалпы начар сезүүдөн башка тышкы белгилери болбой деле калышы мүмкүн. Ошондуктан көптөгөн инфекция жуктурушкан адамдар өзүнүн дарты тууралуу өтө кеч билип калышат. Бул ооруну жугузуп алуунун-

Себептери: Козгогуч агент — С гепатитинин вирусу (СГВ). Жугушу кан аркылуу: стерилденбеген аспаптар (татуировка, пирсинг, маникюр), жалпы шприцтер жана сейрек учурларда жыныстык катнаш аркылуу жана энеден балага өтөт.

Белгилери: Оору көбүнчө билинбей өнүгөт. Курч учурларда алсыздык, жүрөк айлануу, муун оорушу жана зааранын каралжын түстө болушу мүмкүн.

Дарылоо: Вируска түздөн-түз таасир этүүчү заманбап  дары-дармектер (таблеткалар) колдонулат. Дарылоо натыйжалуу, коопсуз жана адатта 12 жумага созулат (сейрек 8 же 24).
Алдын алуу: Башка адамдардын каны менен байланышуудан алыс болуңуз, процедуралар үчүн жеке гигиена каражаттарын (устара, щетка) жана стерилдүү аспаптарды колдонуңуз. Гепатит С га каршы эмдөөдөн өтүңүз.

Маанилүү: Кооптуу байланышта болгон ар бир адамга үзгүлтүксүз текшерүүдөн (жылына бир жолу) өтүү сунушталат, анткени эрте аныктоо цирроздун жана боор рагынын өнүгүшүнө жол бербейт.

 

Материалды даярдаган: Бакыт Кожокматов