26-май 2026-жылы Кыргызстанда 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүк жана аттестат тапшыруу аземи болуп өттү.

Болот Бообек уулу-мектеп директору
Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору Болот Бообек уулу төмөдөгүдөй маалымат берди: «2025-2026-окуу жылында 9-классты 56 окуучу, ал эми 11-классты 32 окуучу аяктады. Алардын ичинен 11-класстын окуучусу Элдана Калчаева кызыл менен аттестат менен аяктады. Ал эми 9-класстын окуучулары Айзирек Айдаркулова, Арууке Жусупова жана Нурила Чолпонбаева кызыл күбөлүккө ээ болушту. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл 162 болуп билим сапаты 60% ды түздү.

Кызыл аттестаттын ээси Элдана Калчаева
Элдана Калчаева: «Кызыл аттестатка жетүү көп эмгекти жана чыдамкайлыкты талап кылды. Көп окуп, агай эжейлердин тапшырмасын убагында аткарып жакшы жыйынтыкка жеттим деп ойлойм. Албетте, мени окуткан агай эжейлердин да эмгеги чоң. Учурдан пайдаланып аларга да терең ыраазычылык билдирем».

11-класстын бүтүрүүчүсү Билал Бактыбеков

Жалпы бүтүрүүчүлөр
Даярдаган Бакыт Кожокматов