Кочкор району, Кара-Суу айылы, Шапак жамааттык мультимедиа борбору

Мектепте ата-энелер декадасы өттү

10 Сентябрь 2026 жыл 14:50
Көрүүлөрдүн саны: 26

Учурда өлкө боюнча билим берүү уюмдарында ата-энелер менен мектептин кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган «Биргелешкен ийгиликке 10 кадам» аттуу иш -чаралар өткөрүлүүдө

Кочкор районундгы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинде да ата-энелер декадасы болуп өттү. Иш-чарага мектеп администрациясы, мугалимдер, ата-энелер катышты.

 

Алгачкы сөздү мектеп директору Болот Бообек уулу алып, жалпы коллективди, ата-энелерди жаңы окуу жылы менен куттуктады. Мектеп жетекчиси ата-энелерге 12 жылдык билим берүү программасы боюнча кенен маалымат берди. Баланын билимдүү, тарбиялуу, жоопкерчиликтүү жана өзүнө ишенген инсан болуп калыптанышында үй- бүлөнүн да, мектептин да орду чоң экенин баса белгиледи.

Ошону менен катар мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Урмат Батталов, тарбия иштерин уюштуруучу Майрам Шорукова жана соц.педагог Чолпон Көкүмбаева өз ой- пикирлерин айтышып, ата-энелерди биргелешип, тыгыз иштөөгө чакырышты

Жалпы жыйындан кийин ата-энелер класстарга бөлүнүп алар үчүн мугалимдер тарабынан мастер-класстар, квесттер жана ачык талкуулар уюштурулуп, балдардын кызыгуусун өнүктүрүү, кошумча билим берүү жана кесип тандоодогу ата-эненин ролу талкууланды

 

Материалды даярдаган: Бакыт Кожокматов